Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

Бактыбек Абдиевдин төрагалыгынын алдында Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика жана укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын жыйыны болуп өттү.

Комиссиянын жыйынында Бишкек шаарынын аймагындагы муниципалдык акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайларды уюштуруу тартиби жана шарттары каралды.

Комиссия жыйынында Бишкек шаарынын мэриясы унаа токтотуучу жайларды тартипке салуу боюнча маалымат берди.

Ошондой эле Бишкек шаарында сырткы жарнаманы жайгаштыруу маселеси каралып, аталган маселенин алкагында “Бишкек шаарынын аймагында сырткы жарнаманы жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтом долбоору боюнча маалымат угулду.

Маалыматты Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов жана "Бишкекреклама" МИсинин начальниги Алимбек Абдылдаев беришти. Кароонун жыйынтыгы боюнча комиссия мүчөлөрү бул маселе боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерин беришти.