Жаңылыктар
Бишкек шаарынын түштүк зонасын суу менен камсыздоо маселесин изилдөө боюнча жумуш комиссиясынын отуруму
- Подробности
- Опубликовано 14.06.2019 20:09
Бүгүн Бишкек шаарынын түштүк зонасын суу менен камсыздоо, техникалык шарттарды берүү жана “Бишкексууканал” ӨЭБ колдонгон тарифтерди изилдөө жөнүндө жумуш комиссиясынын кезектеги отуруму өттү.
Отурумда Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Наталья Кулматова, Бишкек шаарынын вице-мэри Улан Азыгалиев, шаар куруу жана архитектура боюнча мамагентствонун, “Бишкекбашкыархитектура” МИнин, “Бишкексууканал” ӨЭБнин өкүлдөрү жана куруучулар катышышты.
Комиссиянын отурумунун жыйынтыгында “Бишкекбашкыархитектура” МИге жана “Бишкексууканал” ӨЭБге бир топ протоколдук тапшырмалар берилди.