Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлор институту тарабынан Бишкек шаардык кеңештин депутаттарына Жибек-Жолу проспекти, Курманжан Датка, Шабдан Баатыр, Иса Ахунбаев, Дооронбек Садырбаев жана Юлиус Фучик көчөлөрү менен чектелген аймакта “Бишкек шаарынын борбордук аймагын деталдык пландаштыруу” долбоорунун презентациясы өттү

Бул долбоор коомдук талкууга 2019-жылдын 5-мартынан баштап Бишкек шаардык кеңештин расмий сайтында “Токтомдордун долбоорлору” бөлүгүндө жайгаштырылган (расмий сайттын шилтемеси https://clck.ru/GXv4y).

Бүгүн деталдык пландаштыруунун долбоорунун презентациясында бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров, төраганын орун басары Русланбек Жакышов жана шаардык кеңештин депутаттары катышышты. мамлекеттик долбоорлор институту Мамлекеттик долбоорлор институтунун диреткору Жыргалбек асаналиев долбоорду презентациялап, катышуучулардын бардык суроолоруна жооп берди.