Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

Бишкек шаардык кеңеш социалдык-маданий тиричилик объектилерине бөлүнүп берилген жер тилкелерин инвентаризация жүргүзүү иштерин улантууда

Көчмө жыйында БШКнын төрагасы Жаныбек Абиров, муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Базарбек Абдраев, БШКнын депутаттары Эрмек Усубалиев, Бактыбек Абдиев жана Бишкек шаардык мэриясынын өкүлдөрү катышышты.

БШКнын депутаттары Биринчи май районунун "Тынчтык", "Касым", "Керемет", "Аска-Таш", "Көлмө", "Ак-Босого", "Калыс-Ордо" конуштары жана 59-кварталына барышып, жер тилкелеринин абалы менен таанышышты.

Көчмө жыйындын жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык кызматтарына тийиштүү протоколдук тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, ушундай эле көчмө жыйындар Бишкек шаарынын Ленин жана Свердлов райондорунда болуп өткөн.