Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

Октябрь районунун 12-кичи районунда Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абировдун жана БШКнын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Чынгыз Жумалиевдин катышуусу менен көчмө жыйын өттү

Айтылган жыйын Октябрь районунун 12-кичи районунун тургундарынын жолдорду оңдоп-түзөө, таштанды контейнерлерин ордун алмаштыруу жана № 132 жана № 172 маршуттардын акыркы аялдамасынын ордун алмаштыруу боюнча кайрылуусунун негизинде уюштурулган.

Көчмө жыйында Бишкек шаарынын вице-мэрлери Улан Азыгалиев, Азиз Эсенбекович, Рыспек Сарпашев, Октябрь районунун башчысынын орун басары Таалайбек Акматбаев, “Бишкекасфальтсервис” МИнин башчысы Мирлан Амантуров, № 7 МАБдын башчысы Чынгыз Турсалиев катышышты.

Айтылган тургундардын кайрылуусу мурда БШКнын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын отурумундарынын биринде каралган жана анда тийштүү вице-мэрлерге көтөрүлгөн маселелерди изилдеп, Бишкек шаардык кеңешке аларды чечүү жолдору боюнча сунуш киргизүү жөнүндө протоколдук тапшырмалар берилген (айтылган комиссиянын 2019-жылдын 4-мартындагы №51 протоколу).

Жыйындын жыйынтыгында тийиштүү вице-мэрлерге, Октябрь административдик районун башчысына Нуркамал көчөсүндө жайгашкан ишкерлердин укук белгилөөчү документтерин изилдөө жана келечекте аларды башка жерге которуу боюнча протоколдук тапшырмалар берилди.