Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

БШК дене тарбия жана спорт кызмакерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов “Газпром-балдарга” дене тарбия, ден соолукту чыңдоо комплексинде уюштурулган салтанаттуу иш чарага катышып, дене тарбия жана спорт тармагында эмгектенген бардык спортчуларды кесиптик майрамы менен куттуктады.

Салтанаттуу иш чарада мини-футболчулар аралык өткөрүлгөн мелдештин жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү.

Ардактуу 1-орунду Улуттук оюндар боюнча ОРБӨСМ (олимпиадалык резервдик балдар жана өспүрүмдөр спорт мектеби) командасы алып, БШКнын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышовдун колунан диплом менен 15000 сомдук сертификатка ээ болду.

Ардактуу 2-орунга Биринчи май жана Свердлов райондорунун ОРБӨСМнен түзүлгөн курама командасы (диплом жана 10000 сомдук сертификат), ал эми ардактуу 3-орунга “Дельфин” ОРБӨСМи (диплом жана 5000 сомдук сертификат) ээ болушуту. 

Ошондой эле, “Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү” кесиптик майрамга карата Бишкек шаарында спорттун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн спорт тармагындагы өзгөчүлүк көрсөткөн кызматкерлер Бишкек шаардык кеңештин Ардак грамоталарына ээ болушту. Алар:
1. Ленин районунун спорт боюнча инструктору – Эсеналиев Бакыт Токтогулович;
2. Октябрь районунун спорт боюнча инструктору – Джунушев Досумбек Молдобекович;
3. Свердлов районунун спорт боюнча инструктору – Дядичкин Николай Павлович;
4. Спорт оюндары боюнча СДЮШОРдун торагасынын орун басары Кармашев Болотбек Тажибаевич.

“Бишкек шаардык кеңеш Бишкек шаарынын тургундарынын арасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүүдөгү негизги маселелерди чечүү жаатындагы стратегиялык милдеттерди жана функцияларды ишке ашырат. Шаар тургундарына сергек жашоо образын жайылтуу, дене тарбия жана спорт менен машыктырууга тартуу боюнча иш жүргүзөт. 

Бүгүнкү күндө ата мекендик спортчулардын жетишкендиктерине жараша дүйнөнүн төрт бурчунда биздин кичине, бирок намыстуу өлкөбүздүн гимни ырдалып, желегибиз желбирөөдө. Ар бир жеңиш, ар бир жетишкендик, ар бир медаль бул жеңишке жылдап өз салымын кошуп келген спортчунун, анын жакындарынын, машыктыруучулардын, врачтардын эмгеги болуп саналат”, - деп өз куттуктоо сөзүндө Русланбек Жакышов белгиледи.