Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

2019-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин долбоорун кароо графиги бекитилди, бардыгы болуп 74 шаардык кызматтарынын маалыматы угулат

2019-жылдын 4-февралында Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын жыйынында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү жөнүндө Бишкек шаарынын төрт районунун салык кызматтарынын маалыматы талкууланды.

Жыйынды, туруктуу комиссиянын төрайымы Наталья Кулматова алып барды. Жыйынга Бишкек шаарынын Октябрь, Биринчи май, Ленин, Свердлов райондорунун салык кызматтарынын жетекчилери, ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча шаардык башкармалыктын жана Бишкек шаарынын эркин экономикалык аймактын мамлекеттик салык башкармалыгынын жетекчилери катышты.

2019-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин долбоорун кароо бекитилген графикке ылайык 2019-жылдын 4-февралынан тартып 25-февралын кошуп алганга чейин жүргүзүлөт.