Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

Урматтуу шаардыктар! (2)

Шаардык коомчулуктун алдында жарандардын көрүнүктүү эмгектерин таануу, Бишкек шаарынын пайдасына багытталган ишмердигин сыйлоо, анын жайлуулугун жана гүлдөп өнүгүүсүн камсыздоо максатында, “Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө” жобого ылайык,

Бишкек шаардык кеңеши 2020-жыл үчүн “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө сунуштарды кароо боюнча комиссиясы тарабынан “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгарууга талапкерлер  тууралуу маалыматты берет.

-  Менсеитова Калбубу Сагындыковна  -  Кыргыз Республикасынын  маданиятына эмгек сиңирген ишмери,  Бишкек шаарынын ардактуу ардагери, Согуштун, Куралдуу күчтөрүнүн, укук коргоо органдарынын жана ооруктагы ардагерлеринин кеңеши коомдук бирикмесинин мүчөсү;

- Айдаров Эркинбек  Бабашович – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти, персоналдуу пенсионер, Бишкек шаарынын ЭЭАнын субъекттерди контролдоо боюнча МСКБнын начальнигинин орун басары;

- Назаркулов  Суйутбек Доолотович – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы, Саламаттык сактоонун отличниги, медицина илимдеринин кандидаты, С. Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун неврология, нейрохирургия кафедрасынын башчысы;

- Омурова Канымжан Жусупбековна – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, Билим берүүнүн отличниги, №68 окуу-тарбия комплекси мектеп-гимназиясынын директору;

- Кадырбеков Ишенбай Дюшенбиевич - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген  архитектору,  СССР архитекторлор союзунун мүчөсү, шаар куруучу, илимпоз, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эки чакырылышынын мурдагы депутаты;

- Базарбаев Кудайберген Базарбаевич – Мамлекеттик кызматтын ардактуу кызматкери, Муниципалдык кызматтын отличниги, Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо отличниги, Бишкек шаардык кеңешинин үч чакырылышынын мурдагы депутаты.

“Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамына талапкерлер тууралуу  өзүңүздөрдүн сунуштарыңыздарды жана пикирлериңиздерди  Бишкек шаардык кеңешине, Бишкек шаары, Чүй проспекти,166 дареги боюнча жөнөтүүнү өтүнөбүз.