Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

2020-жылдын 14-майында Жумабек Салымбековдун төрагалыгынын астында Бишкек шаардык кеңешинин Турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын отуруму.

Комиссиянын отурумунда Бишкек шаардык мэриясы тарабынан киргизилген төмөнкү БШКнын токтом долборлоору:

Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү эрежелери, Бишкек шаарынын көрүстөндөрдү күтүү эрежелери, Бишкек шаарында автомобилдик транспорт менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелери жана Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 54 “Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациянын долбоорлонгон тармактарына техникалык шарттарды берүү жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөртүү, кайра пландоо объекттерин кошуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобону жана долбоорлонгон инженердик тармактарга техникалык шарттарды берүүгө жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөртүү, кайра пландоо объекттерин кошууга уруксат берүүгө тарифтерди бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” БШКнын токтом долбоору каралды.

Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил бактын курулушуна, 2020-жылга карата "Бишкекасфальтсервис" МИнин жолдорду курууга жана оңдоого, Бишкек шаарынын мэриясына тиешелүү коммуналдык ишканалардын орто даректеринин балансын өткөрүп берүүгө тийиштүү маселелер каралды.

Жогорудагы маселелерди талкуулоо учурунда депутаттар токтом долбоорлору Бишкек шаардык мэриясы тарабынан киргизилгендигин эске алуу менен комиссияларга тейлеген вице-мэрлердин жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин болушу керектигин белгилешти жана кылдаттык менен карап чыгууну талап кылышты.

Аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнүн жоктугуна байланыштуу, айрым маселелер алынып, кийинки отурумга жылдырылды.

Ошентип, токтом долбоорлор боюнча Бишкек шаардык мэриясына бир катар тапшырмалар берилди, аларды киргизүүдө мамлекеттик тилде берилүүчү материалдарга өзгөчө көңүл буруу керектигин белгилешти. Диний уюмдардын сунуштарын эске алуу менен, ташуу эрежелерди, көрүстөндөрдү күтүү эрежелерин кошумча изилдөөчү, Бишкек шаарынын каттамдарын берүү сунуштоо боюнча сынак өткөрүүнүн тартибин жөнгө салуучу документ менен ташуу эрежелерди киргизүүнү тапшырды. Бишкек шаарынын мэриясынын Түштүк пландоо аймагында тармактарды куруу маселесине каржылык анализ жүргүзүү тапшырылды. Жалпы билим берүүчү уюмдардын коммуналдык тармактарын коммуналдык ишканалардын балансына өткөрүп берүү маселеси боюнча, депутаттар профилдик комиссиялар тарабынан бир нече жолу көтөрүлгөндүгүн, мэрия тарабынан иштелип чыкпагандыгын белгилеп маселе бирок ушуга  байланыштуу кышкы мезгилде авариялык  кырдаалдарды алдын алуу максатында шаардын тейлеген вице-мэрине тапшыруу, бир жуманын ичинде кайра отчет берүү чечими кабыл алынды.