Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

Бишкек шаардык кеңеш шаардыктардын муниципалдык аймакты мыйзамсыз түрдө тосуп алуу боюнча кайрылуусуна ыкчам түрдө чара көрдү

Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Руслан Жакышов тийиштүү шаардык кызматтардын катышуусу менен, Джал кичи районунун Ахунбаев көчөсүнүн №194 үйдүн жашоочуларынын кайрылган арызынын негизинде, Тыналиев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн (түштүк-батыш тарабындагы) кесилишинде жайгашкан жер участогу боюнча көчмө жыйын уюштурду.

№194 үйдүн тургундарынан жер участогунун пайдалануучулары болуп эсептелинген ЮРФА компаниясы (мурда “ОргТехСтрой” КК) тарабынан өз билемдик менен тосмолорду орнотуп жаткандыгы жөнүндө арыздануу түшкөн.

Жеринде, тосмолорду орнотуу максатында менчик жер участогунда, жана ошондой эле муниципалдык жер тилкесинде фундамент куюлуп, темир тосмолор үчүн бир нече түркүктөр жана темир дарбаза орнотулганы далилденди.

Көчмө жыйындын жыйынтыгында Руслан Жакышов тарабынан төмөнкүдөй протоколдук тапшырмалар берилди:

- Бишкек шаарынын мэриясына тиешелүү кызматтар менен бирдикте, эки күндүк мөөнөттө, мурда  “ОргТехСтрой” ККга (азыркы маалда “ЮРФА”) берилип кеткен муниципалдык жер участокту, белгинген тартипте кайта кайтаруу боюнча карап чыгуу;

- Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы жана Госэкотехинспециясына, тиешелүү тартипте, бузуулар боюнча тиешелүү акт түзүү, тартипке келтирүү боюнча иш чараларды көрүү, компанияга берилген тиешелүү лицензияны кайта чакырып алууну карап чыгуу.  

Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу башкармалыгына, муниципалдык менчик башкармалыгына, жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгына жана “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасына муниципалдык аймакта тартип келтирүү боюнча иш чараларды алып баруу жана аныкталагн бузууларга тиешелүү чара көрүү жөнүндө протоколдук тапшырмалар берилди.

Бул маселени көзөмөлдөө Ленин административдик районунун муниципалдык администрациясына жүктөлдү.