Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

Курман болгон аскерлердин ата-энелерине, өз элинин татыктуу уулдарын тарбиялагандыгы үчүн Бишкек шаардык кеңештин Ыраазычылык каттары тапшырылды

Согуш – бул жүрөгүбүздө жашап, эстен кетпеген жараат.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров, анын орун басары Русланбек Жакышов, депутаттар Адиса Иманганзиева жана Эрмек Усубалиев чектелген контингентти Афганистандан чыгарып кетүүсүнүн 30 жылдык датасы менен афган-ардагерлерди куттукташты.

13-февралда Жаныбек Абиров СССР батыры Даир Асановдун атындагы Кыргыз улуттук аскердик лицейинде курсанттардын катышуусу менен уюштурулган салтанаттуу иш-чарага катышты. Ошондой эле бул иш-чарада ардагерлер, курман болгон аскерлердин үй-бүлөлөрү жана туугандары, Бишкек шаарынын вице-мэри Асель Куламбаева жана Ленин административдик районунун башчысы Нурдин Тынаев катышты.

Русланбек Жакышов афган-ардагерлерин Октябрь административдик районунун жыйын залында өтүлгөн иш-чарада куттуктады. Иш-чарада ардагерлер, курман болгон аскерлердин үй-бүлөлөрү жана туугандары жана Октябрь административдик райондун башчысы Ренат Айтымбетов катышты.

14-февралда Свердлов жана Биринчи май райондорунда болуп өткөн салтанаттуу иш-чараларда афган-ардагерлерин БШКнын депутаттары Адиса Имангазиева жана Эрмек Усубалиев куттукташты.

Советтик армияны Афганистандан чыгарып кетүүсүнүн 30 жылдык датасынын урматына бир нече иш-чаралар борборубуздун бардык райондорунда муниципалитет тарабынан өткөрүлдү. Уюштурулган иш-чаралардын жыйынтыктоо бөлүгү 15-февралда Ататюрк атындагы сейилбакта өтүүчү митинг-реквием саналат.

Ɵз элинин татыктуу уулдарын тарбиялагандыгы үчүн Курман болгон аскерлердин ата-энелерине Бишкек шаардык кеңештин Ыраазычылык каттары тапшырылды. Ал эми, активдүү жарандык позициясы үчүн жана жогорку деңгээлдеги патриоттуулук менен жаш муунду тарбиялоодо Мекенге болгон сүйүүнү бекемдетүүсү үчүн афган-ардагерлери Ардак грамоталары менен сыйланышты.