Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

БШК Төрагасы Жаныбек Абиров жана депутаттар залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу жыйынга катышышты

Аталган иш-чара бүгүн, 12-декабрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында өттү.

Иш-чарада мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков: “Чыңгыз Айтматов адамдардын аң-сезимин өзгөрткөн залкар жазуучу гана эмес, дүйнөлүк саясатка таасирин тийгизген планетардык инсан!” — деп, белгиледи.

Келген коноктор жыйындын алдында Филармонияга уюштурулган Чынгыз Айтматовдун жашоосуна жана чыгармачылыгына арналган сүрөт көргөзмөсүн кыдырып чыгып, театрлаштырылган программаны көрүштү.