Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

Бишкекте Чынгыз Айтматовду эскерүү аземи өтүп, эстелигине гүл коюшту

Бүгүн, 11-декабрда, Бишкек шаардык кеӊештин Төрагасы Жаныбек Абиров жана БШКнын депутаттары залкар жазуучубузду эскерип, эстелигине гүл коюшту.

Иш-чарага Бишеке шаарынын мэри Азиз Суракматов жана мэриянын өкүлдөрү, билим берүү, коомдук уюмдурдан жана саясий, маданий жана искусство ишмерлери катышты.

Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын артисттери жана мектеп окуучулар жазуучунун “Биринчи мугалим”, “Саманчынын жолу” жана “Бетме бет”  чыгармаларындагы  каармандардын образында театрлаштырылган сценкаларды көргөзүштү.

Иш-чара “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде аяктады.