Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

Бүгүнкү күн — эӊ күчтүү жана пейли таза адамдардын күнү! — Жаныбек Абиров

Бүгүн, 3-декабрда Бишкек шаардык кеӊештин төрагасы Жаныбек Абиров «Үмүт шамы» коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулган «Боорукер сезим» аттуу кайрымдуулук концертине барды.

Аталган концерт ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү.

«Бүгүнкү күн — эӊ күчтүү жана пейли таза адамдардын күнү! Сиздердин эрк жана эрдигиӊиздер алдында таазим этүү менен, жүзүӊөрдөн жылмайуу кетпей, ар бир күндү жакшы маанайда өткөрүшүӊөрдү каалайм», — деди Жаныбек Абиров.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга көмөктөшүп келе жаткан «Үмүт шамы» коомдук кайрымдуулук фондуна БШК төрагасы 25’000 сомдук сертификатын жардам иретинде берди.