Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

2024-жылдын 15-февралында Америка Кошмо Штаттарынын Колорадо-Спрингс шаарында Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев жетектеген депутаттар Колорадо-Спрингс шаардык кеңешинин президенти Рэнди Хелмс, Колорадо-Спрингс шаарынын мэри -  Йеми Моболаде жана Колорадо-Спрингс Соода палатасынын президенти жана аткаруучу директору Джоанна Ридер Клеймер  менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында Бишкек шаардык кеңеши менен Колорадо-Спрингс кеңешинин ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Меморандум төмөнкү маселелер боюнча тараптардын ортосундагы макулдашууларды бекемдейт:

 - тил практикасын өздөштүрүү, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн студенттер менен мектеп окуучуларынын академиялык алмашуусу;

- туризмди өнүктүрүү.

Ошону менен бирге  турак-жай куруу тармагында кызматташуу маселесин талкуулашты. Акыркы жылдары Колорадо-Спрингс шаарында турак-жай тартыштыгы байкалгандыгына байланыштуу, шаар жетекчилиги Кыргызстандагы курулуш компаниялары менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирди. Бул маселени иштеп чыгуу боюнча  макулдашуу болду.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев өз сөзүндө  Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын иш сапары эки тараптуу мамилелерди чыңдоодо  жана мындан ары маданият, социалдык, илимий, билим берүү, бизнес, экономика, спорт жана туризмди өнүктүрүү  тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтөөрүн белгиледи.

 Маанилүү фактор болуп тажрыйба алмашуу жана инвестицияларды тартуу саналат, бул жарандардын жашоосун жакшыртууга, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө, туризмди өнүктүрүүгө багытталган долбоорлордун пландарын ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

Жолугушуунун катышуучулары эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулап, күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.

 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын атынан Куванычбек Конгантиев Колорадо-Спрингс шаарынын жетекчилигине жылуу тосуп алуу жана узак мөөнөттүү пландарды талкуулоого мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.