Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

    Урматтуу кесиптештер!

    Сиздерди  Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун Башкармалыгынын жана жеке өзүмдүн атымдан келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм!

    Өтүп бараткан жылды узатып жатып, аткарылган иштерге, окуяларга саресеп салсак, эки миң жыйырма үчүнчү жыл Кыргыз Республикасынын  жергиликтүү өз алдынча башкаруусу үчүн  ийгиликтердин жылы болду деп айтсам жаңылышпайм.

    Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  мамлекеттин конституциялык түзүлүшүнүн негиздерин түзүүчү институттардын бири болуп калды.

    Учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү жашоону уюштуруунун бардык аспектилерин камтып, жарандардын активдүүлүгүн жандандырууга шарт түздү. 

    Союздун милдети Жергиликтүү өз алдынча башкаруу институтун күчөтүү аркылуу өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен бийликтин ортосунда социалдык өнөктөштүктү куруу.

    Союз,  Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүүсүндө маанилүү  роль ойнойт.

    Аймактар ​​жана жергиликтүү жамааттар менен болгон ишибиз көптөгөн маселелерди чечүүгө мүмкүндүк берет деп ишенем.

    Бүткүл өлкөнү өнүктүрүүнүн кийинки перспективдүү багыттарында күч-аракеттерди бириктирүүгө убакыт келди.

    Мамлекетибиздин  келечеги ар бирибиздин аракетибизден, натыйжалуу ишибизден көз каранды.

    Келе жаткан жыл биздин бардык үмүттөрүбүздү жана күч- аракеттерибизди  актайт деп ишенем.

    Баардыгыңыздарга чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бейпил, бакубат жашоо жана ийгиликтерди каалайм! Жаңы жылда бардык кыялдарыңыз жана тилектериңиз орундалсын!

    Өлкөбүздө тынчтык жана өнүгүп-өсүү болсун!

    Жаңы жылыңыздар менен!