Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

 

   Кымбаттуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору!

   Жаңы жыл жакшылыкка болгон үмүт, келечекке ишеним.

   Сиздерди Бишкек шаардык кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм!

   Өтүп бараткан жылды узатып жатып, аткарылган иштерге, окуяларга саресеп салсак, эки миң жыйырма үчүнчү жыл көп жакшылыктардын жана ийгиликтердин жылы болду деп айтсам жаңылышпайм.

   Бишкек шаардык кеңешинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын биргелишкен иштеринин натыйжасында борборубуз эки миң жыйырма үчүнчү жылы  көптөгөн ийгиликтерге жетишти.

   Мекенибиздин борбору болгон Бишкек шаарыбыздын ийгилиги жана алдыга койгон максаттарды ишке ашыруу үчүн  ынтымакта, биримдикте кызмат кылып  ийгиликтерге жетишебиз деп үмүт кылам.

   Шаарды жана бүтүндөй өлкөнү өнүктүрүү багытында күч-аракеттерди бириктирип, биргелешип стабилдүү жана динамикалык өнүгүүсүн камсыздашыбыз керек.

   Шаардын келечеги ар бирибиздин аракетибизден, натыйжалуу ишибизден көз каранды.

   Келе жаткан эки миң жыйырма төртүнчү жыл кыргызстандыктар үчүн ийгиликтүү болуп, өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачсын.

  Жаңырган жыл жалпыбыз үчүн жаңы жетишкендиктердин, ынтымактын, тынчтыктын жылы болуп, өлкөбүзгө, элибизге ырыскы, бакыт алып келсин.

 Алдыга койгон ой-максаттарыңыз ишке ашып, ар бир күн жакшылыктар жана жеңиштер менен коштолсун.

 Эгемен Кыргызстаныбыз өнүгүп, кыргыз элинин биримдиги арта берсин.

 Ар бир кыргызстандыкка чын ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бейпил, бакубат жашоо жана ийгиликтерди каалайм! Жаңы жылда бардык кыялдарыңыз жана тилектериңиз орундалсын!

  Өлкөбүздө тынчтык жана өнүгүп-өсүү болсун!

ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢЫЗДАР МЕНЕН!