Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

31 январда Бишкек шаардык кеңештин депутаты Мийзамидин Калыков “Мурас-Ордо” конушунун көйгөйлүү маселелерин чечүү үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн айрым жетекчилеринин жана жашоочуларынын катышуусу менен жумушчу жыйын өткөрдү.

Жыйында “Мурас-Ордо” конушунун жашоочулары мектеп, бала-бакча, суу, жол, жарыктандыруу, дренаж, транспорт, курулуш маселелерин көтөрүштү.

Түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери жашоочуларга көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн кылынып жаткан жумуштар жөнүндө маалымдашты.

Мийзамидин Калыков жашоочулар көтөргөн маселелер орундуу экенин баса белгилеп, тийиштүү иш чаралар жүргүзүлүп жаткандыгын жана бул маселелер өзүнүн контролунда экендигин айтты.