Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

2020-жылдын 29-январында Бишкек шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясы Таалай Сурапбаевдын төрагалыгынын алдында өттү.

Комиссиянын жыйынына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айнуру Аскарованын жана Бишкек шаарынын вице-мэри Уланбек Азыгалиевдин, шаардык финансы башкармалыгынын башчысы Умутжан Аманбаевдин, ББАнын башкы инженери Махабат Шамбетованын, ККБнын начальнигинин м.а. Улан Уезбаевдын, КМККБнын начальниги Ренат Айтымбетовдун, Ленин административдик районунун башчысынын орун басары Аскат Карынбаевдын, Свердлов административдик районунун башчысынын орун басары Садык Мырзакматовдун, тийиштүү МАБ башчылары жана мала башчыларынын катышышты.

Иш-жыйында шаардык кеңешинин депутаты Таалай Сурапбаев, Ленин районундагы Ала-Тоо конушуна канализация өткөрүп берүү жана Свердлов  районундагы Буденный жана Лермонтова көчөлөрүнө канализация өткөрүп берүү маселелерин көтөрдү.

Кароонун жыйынтыгында бир нече сунуштар жана тапшырмалар берилди.