Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүнкү күндө, райондор боюнча 400дөн ашуун үй-бүлө отун менен камсыздалган, мындан сырткары, 559 үй-бүлөдөн отун алууга өтүнмө түшкөн, туруктуу комиссиянын тапшырмасына ылайык 2019-жылдын декабрь айынын аягына чейин бул үй-бүлөлөр керектүү көлөмдө отун менен камсыз болот.

Ошондой эле, депутаттар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга коомдук, администрациялык, өндүрүштүк имараттарга кирүүгө жана балдар коляскалары менен жүрүүгө шарт түзүүдөгү жана имараттарды долбоорлоого архитектуралык-пландоо шарттарын иштеп чыгуудагы начар контролду жана бузууларды аныктоо жана жоюу боюнча иш-аракеттердин жоктугун белгилешти. Бекитилген ченемдерди одоно бузуу жөнүндө туруктуу комиссия тарабынан сүрөт жана видеолор көрсөтүлүп, көрсөтүлгөн объекттерде, анын ичинде жаңы ЦУМ, ГУМ соода борборлорундагы пандустарды орнотуудагы бузууларды жеринен кароо тууралуу тапшырма берилди.

Күн тартибиндеги маселелерди талкуулоонун жыйынтыгы боюнча, Бишкек шаарынын мэриясына жана кызматтарга тийиштүү тапшырмалар берилди.