Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставынын долбоору боюнча депутаттар устав долбоорун сессиянын кароосуна киргизүү маселесин туруктуу комиссиянын кийинки отурумунда кароо чечимин кабыл алышты.

Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясынын башчысы Максим Ситниковдун үстүбүздөгү жылдын 9 айы үчүн отчёту угулду. Анын алкагында, туруктуу комиссия тарабынан тийиштүү тапшырмалар берилди.