Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жыйында Бишкек шаардык № 6 клиникалык оорукананын аймагында жайгашкан “Сезим” жана “Микрохирургия глаза” бейөкмөт уюмдары ээлеген жайлар боюнча маселе каралды.

 

Бишкек шаардык № 6 клиникалык оорукананын башкы дарыгери бүгүнкү күндө ооруканада бейтаптарды жайгаштырууга жайлардын жетишпестиги курч маселе экендигин жана ушуга байланыштуу, оорукананын администрациясы бейтаптарды коридордо жайгаштырууга аргасыз экенин белгиледи.

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк тарабынан Бишкек шаардык № 6 клиникалык ооруканасын кошумча жайлар менен камсыздоо максатында, “Сезим” бейөкмөт уюмуна альтернавдик жай табылды.

Маселенин алкагында, туруктуу комиссия тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгына тийиштүү тапшырма берилди.

Ошондой эле, Мамлекеттик долбоорлоо институтунда Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын катышуусунда Бишкек шаарынын борбордук аймагын деталдык пландаштыруу долбоорун кароо боюнча туруктуу комиссиянын көчмө жыйыны өттү.