Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Анда төмөнкү маселелер каралды:

 - Регламент, этика жана укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиянын Бишкек шаары боюнча ИИББсынын ЖККБсы, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан берилген жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо жана шаардын кээ бир көчөлөрүнө жолчырак объекттерин орнотуу боюнча тапшырмаларынын аткарылышы. 

Бул маселе боюнча Бишкек шаары боюнча ИИББсынын өкүлдөрү жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри чакырылган. Алар Бишкек шаары боюнча ИИББсы жана мэриянын шаардагы жол кыймылынын коопсуздугу камсыздоо жаатындагы биргелешкен иши боюнча маалымат беришти. Ошондой эле, Бишкек шаары боюнча ИИББсы орнотулган жолчырактар,  жөө адамдар жүрүүчү жолдорго белги салуу жана жол белгилерин орнотуу керек болгон участоктор боюнча маалымат беришти.

 - Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 19-ноябрындагы №50 “Ачык конкурстун негизинде Бишкек шаарынын каттамдарын бөлүштүрүү жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомун ишке ашыруу

Бул маселе боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын начальниги бул токтомдун аткарылышы боюнча маалымат берди. “Ачык конкурстун негизинде Бишкек шаарынын каттамдарын бөлүштүрүү жөнүндө” токтом долбоорунун жаңы редакциясы иштелип чыккандыгын белгиледи. Кыргыз Республикасынын Эконмика Министирлигине жолдомодон кийин, токтом долбоору эскертүүлөр менен Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгына кайтарылып берилген. Азыркы учурда ал Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгында жеткире иштеп чыгуунда.