Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн, 2019-жылдын 31-октябрында, Бишкек шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын көчмө жыйынында, туруктуу комиссиянын депутаттарынын, Бишкек шаардык кеңештин төрөгасынын орун басары Русланбек Жакышовдун, Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкуловдун жана Бишкек шаарынын мэриясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын (ШТБ) иши тууралуу маалымат угулду.

Бишкек шаарынын мэриясынын ШТБнын начальниги Болот Тезекбаев, депутаттарга:

- Бишкек шаарынын мэриясынын ШТБ тарабынан Бишкек шаарынын транспорт чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук актылардын аткарылышы жөнүндө;

- коомдук транспортту өнүктүрүү концепциясын, анын ичинде Бишкек шаарынын комплекстүү транспорттук схемасын иштеп чыгуу жөнүндө;

- Бишкек шаарынын мэриясынын ШТБнын 2019-жылдын 9 айдагы иши боюнча маалымат берди.

Шаардык депутаттар, Бишкек шаарынын вице-мэрине жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине коомдук транспорттун өнүктүрүү концепциясын, анын ичинде Бишкек шаарынын комплекстүү транспорттук схемасын иштеп чыгуу боюнча ишти баштоо жана 2019-жылдын декабрь айында бул маселе боюнча аткарылган иш жөнүндө маалымат угуу тууралуу чечим кабыл алышты.