Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн, Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын жыйындар залында башчынын биринчи орун басары Чынасыл Чыныбаевдин төрагалыгынын алдында коллегиянын отуруму өттү.

Коллегиянын күн тартиби боюнча төмөнкү маселелер каралды.

✅ Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын коллегия мүчөлөрүнүн курамына өзгөртүү кигизүү жөнүндө;

✅ 2019-жылдын 1-жарым жылдыгы боюнча Ленин районунун экономикалык өнүгүү сунуш жыйынтыктары жана 2019-жылдын 2-жарым жылдыгына милдеттери жөнүндө;

✅ 2018-2019-окуу жылынын жыйынтыгы жана жаңы 2019-2020-окуу жылына пландары;

✅ Райондун социалдык маанилүү оорулардын алдын алуу боюнча дарылоо-профилактикалык уюмдарынын иштери жөнүндө;

✅ Кыргыз Республикасынын Президентинин "2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу.

Коллегиянын отурумунун жыйынтыгы менен райондук кызматтардын жана Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдөрүнүн жетекчилерине тийиштүү тапшырмалар берилди.