Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жалпы билим берүү сабактары аралык Республикалык Олимпиаданын III этабынын жана чет тилдер аралык Олипиадынын салтанаттуу жабуу аземинде катышты.

Олимпиадалардын жеңүүчүлөрүн салтанаттуу жүрүш аземи “Таберик” балдар музыкалык театрынын концерттик залында өттү.

Русланбек Жакышов олимпиадалардын бардык катышуучуларын куттуктап, аларга мындан дагы билим алуудагы умтулууларын күчөтүп, ийгиликтерге жетишүүсүн каалап кетти.

Ал, “Билим алуу бул спорт менен машыгууга барабар, ал убакытты, сабырдуулукту жана тырышчаактыкты талап кылат. Сиздердин ар бир ийгилигиңер жалгыз гана Сиздердин эмес, ал жалпы мамлекеттин ийгилиги! Ийгиликтүү жана билимдүү жаштарды тарбиялоо менен бирге, биз мамлекетибиздин ийгиликтүү келечегине фундамент куюп жатабыз”, деп өз сөзүндө белгилеп кетти.

2019-жылдын жалпы билим берүү сабактарынан өткөн Республикалык Олимпиаданын III этабында 117 мектеп окуучулары катышышкан. III этабдын жыйынтыгы менен I жана II орунга ээ болгон окуучулар IV этапка катышты. Анда борбордук мектептеринен 35 окуучу катышып, анын ичинен 13 окуучу Бишкек шаарынын мекетптеринин окуучулары болушту.

Бишкек шаары жалпы жыйынтыктардын негизинде командалык зачетто I орунга ээ болду.