Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Ааламдын алп жазуучусу Чынгыз Айтматов бекеринен бул инсан жөнүндө “Фрунзе шаарынын накта башкы архитектору” деп айткан эмес.

Кыргыз Республикасынын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасында мамлекеттик чыгаан ишмери, Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык юбилейине арналган илимий-практикалык конференциясы өттү.

Иш чарада Турдакун Усубалиевдин небереси, Бишкек шаардык кеңештин депутаты Эрмек Усубалиев жана мамлекеттик ишмердин жээни Кубан Осмоналиев катышышты.

Конференцияда Турдакун Усубалиевдин замандаштары, көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер Апас Джумагулов, Мукаш Базаркулов, Амангельдии Муралиев, Осмонакун Ибраимов чыгып сүйлөп, жаштар менен чыгаан инсан жөнүндөгү эң жылуу эскерүүлөрү менен бөлүшүштү.

Конференцияда студенттер илимий баяндамаларын (доклад) жакташышты. Алардын ичинен, эң мыкты баяндамачы деп Кыргыз мамлекеттик юридикалык академисынын студенти Бекназаров Жакшылык табылып, ага Ардак грамота жана акчалай сыйлык ыйгарылды.
Конференциянын бардык катышуучулары катышкандыктары үчүн деген сертификаттардын жана Турдакун Усубалиевдин китптеринин ээлери болушту.