Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кайрылууда жарандар, конуштагы салынып жаткан жаңы мектептин курулуш иштерин тездетүүсүнө көмөк көрсөтүү тууралуу айтылган.

Көчмө жыйында БШКнын орун басары Русланбек Жакышов, Биринчи май районунун администрация башчысы Токтосун Султанов, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү жана конуштун тургундары катышып, айтылган маселе талкууланды.

Талкуулардын жыйынтыгы менен тийешелүү кызматтарга протоколдук тапшырмалар берилди. Айта кетчү нерсе, БШКнын төрагасы ушул жылдын август айында мектептин курулуш иштеринин жүрүшү жана айтылган протоколдук тапшырмалардын аткарылышы менен таанышууга келээрин белгиледи.