Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеӊештин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясы "Түндүк Электро" ААКка барып, иштөө процессин, жылдык отчетторун жана жаңы пландарын жеринен угушту.

Бишкек шаарында төрт жогорку вольттуу подстанциялар бар экендигин, бирок, жакынкы убакта жаңы подстанциялар курулбаса, иштөө мөөнөттөрү көпкө узабасын презентациянын жүрүшүндө "Түндүк Электр" ААКтын төрагасынын орун басары Азамат Мамбетжанов белгилеп кетти.

Айта кетсек, жаңы технологиялардын үлгүсүндө иштеп жаткан "Орто-Сай" жогорку вольттуу подстанциясына жана электр тармагындагы жетишкендиктерге жеке эле Бишкек шаары эмес, кошуна өлкөлөрдүн өкүлдөрү кызыгып келип, тажрыйба алгандыгы кубандырбай койбойт.

Р.S. Көчмө жыйында мэриянын кызматтары, РЭС башкармалыгы жана атайын кызматтар катышышты. Талкуулоонун үстүндө туруктуу комиссиянын депутаттары Бишкек шардык кеңештин депутаттарына жана Бишкек шаарынын мэриясына иштин жүрүшүн тааныштырууну сунуштап, тиешелүү кызматтарга атайын протоколдук тапшырмаларды тапшырышты.