Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңеште өткөн жолгушууда чемпиондун апасы Елена Шевченко, машыктыруучусу  Павел Федотов, “Кулатуу-Эртаймаш” улуттук күрөшү боюнча Дүйнөлүк федерациясынын Президенти Руслан Кыдырмышев жана БШКнын депутаттары катышты.

Бийик патриоттуулугу үчүн, дене тарбия жана спорттун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн, жаштардын арасында дени сак жашоого үгүттөөсү жана Кыргыз Республикасын эл аралык аренада татыктуу көргөзгөндүгү үчүн Бишкек шаардык кеңештин Ардактуу грамотасы менен:

— КРнын Тай боксу боюнча федерациясынын Президенти — Елена Шевченко;

— КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу — Павел Федотов сыйланды.

Ошондой эле, Бишкек шаарынын герби жана күмүш төш белгиси менен “Кулатуу-Эртаймаш” улутук күрөшү боюнча Дүйнөлүк федерациясынын Президенти Руслан Кыдырмышев сыйланды.