Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаздын келиши менен, шаарыбыздын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча маселелери актуалдуулугун күчөтүп келет.

Бүгүн дагы, БШКнын төрагасынын орун басарына “Көлмө” конушунун тургундары келип, жашаган аймактын орчундуу маселелерин угузушту. Бул жеке кабыл алууга БШКнын депутаты Адиса Имангазиева дагы катышты.

Угузулган көйгөлөрдү жеринен чечүү максатында, бүгүнкү жеке кабыл алууга “Көлмө” конушунун № 49 малаа башчысы, № 14 МАБдын, “Бишкексвет” жана “Бишкекжашылчарба” МИлеринин башчылары чакырылган.

Бүгүнкү күндө конуштун тургундарына эң маанилүү болуп турган төмөнкү маселелер талкууга алынды: Султан кызы Мариям атындагы мечиттин курулушу, жарыктандыруу, жашылдандыруу жөнүндө жана № 9 окуу тарбия комплексинин окуу процесси тууралуу. 

Кабыл алуунун жыйынтыгында Руслан Жакышов шаардык кызматтарга тийиштүү протоколдук тапшырмаларды берди.