Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

5-март Кыргыз Республикасынын сот системасынын кызматкерлеринин күнү.

Эльмир Досалиев, Бишкек шаардык кенштин депутаты, Регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Бишкек шаардык сот тарабынан уюштурулган иш чарага катышты.

Иш чарада Бишкек шаарынын мэриясынын вице мэри Азиз Алымкулов жана укук органдарынын жетекчилери катышты. Сот системасындагы мыкты кызматкерлерге Бишкек шаардык кеңештин Ыраазычылык каттары тапшырылды.

“Кыргызстандагы сот системасынын аброюнун бекемделиши жана жогорулашы - анын ар бир өкүлүнүн, өз милдеттерин так аткаруусунан көз каранды болот. Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр жана коом алдындагы жоопкерчилигиңиздер жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоого, демократиялык укуктук мамлекеттин өнүгүүсүнө, дайым жардам берет.
Сиздерге жана Сиздердин жакындарыңыздарга чын жүрөгүмдөн бекем ден соолук, бакубат жашоо жана ишиңиздерге албан ийгиликтерди каалайм!”, - деп, өз куттуктоо сөзүндө Элмир Досалиев белгилеп кетти.