Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Октябрь районунун кичинекей тургундарына № 180 жаңы бала бакча эшигин ачты.

Салтанаттуу иш чарага ата-энелер, Октябрь районун тургундары, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов, райондук администрациясынын башчысы Максим Ситников, вице-мэр Татьяна Кузнецова, ошондой эле райондук жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Эскерте кетсек, №180 бала-бакчанын имаратында мурда «Светлый путь» аттуу калыбына келтирүү боюнча жеке менчик борбору жайгашкан. (https://urlid.ru/bm5b)

2018-жылы Бишкек шаардык депутаттардын демилгеси менен бала-бакчанын имараты Бишкек шаардык мэриянын муниципалдык менчигине кайтарылып берилген. Жергиликтүү бюджеттен (Бишкек шаарынын ККБ аркылуу) бала-бакчанын имаратын кайра калыбына келтирүү жумуштарына 18,0 млн. сом бөлүнгөн.

№ 180 бала-бакчанын долбоорлук кубаттуулугу 6 группа, тактап айтсак 140 орунду түзөт. Электрондук кезек менен 195 бала кабыл алынган, учурда 66 бала кезекте турат.