Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн, № 93 орто мектептин жыйын залында Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов “Арча-Бешик” жаңы конушунун активдүү жаштары менен жолугушту.

Жолугушууда жаштар билим берүү жана саламаттыкты сактоо, Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарбасы жана өркүндөтүүсү жөнүндө жана ар түрдүү тармактагы суроолорду беришти.

Русланбек Жакышов берилген суроолорго жооп берип, ар бири боюнча толук-камдуу маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү берди. Ошондой эле, келечек муунга өзүн өзү өстүрүүгө, билим алууга жана спортко көбүрөөк көңүл бурууга кеңеш берди.