Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Маселени кароодо, Кыргыз Республикасынын «Кылмыш-жаза» кодексинин негизинде иштелип чыккан Бишкек шаардык кеңештин «Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу жобону бекитүү жөнүндө» токтомунун долбоору каралды.

Талкулоодо бул токтомдун долбооруна комиссиянын мүчөлөрү тарабынан сын-пикирлер жана толуктоолор киргизилди. Бул маселе боюнча айтылган сын-пикирлер жана сунуштарды эске алуу менен, профилдик комиссиянын корутундусу чыккандан кийин, БШКнын сессиясынын кароосуна киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Күн тартиби боюнча, Бишкек шаарынын мэриясынын саламаттыкты сактоо тутумун камсыздоо башкармалыгынын башчысы Лидия Мухамедшинанын 2018-жылы жасалган жумуштары боюнча отчу тууралуу маалыматы угулду. Талкулоодо Лидия Мухамедшина Автобазанын, Шаардык наристелер сүтканасынын, Бишкек шаардык дезинфекция станциясынын оптималдаштыруу боюнча маалымат берди.

Комиссиянын мүчөлөрү тарабынан башкармалыктын башчысына аткарган жумушу боюнча оздөрүнүн сын-пикирлери айтылды.