Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин дарегине Бишкек шаарынын мэриясынын саламаттык сактоо тутумун камсыздоо башкармалыгынын автобазасынын кызматкерлеринин автобазанын жамаатында түзүлгөн кырдаал жана бул мекеменин жетекчисинин ишине нааразычылыгы жөнүндө бир нече жолку кайрылууларына байланыштуу, Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча  комиссиясынын төрагасы Эмил Сыдыковдун, депутат Алмаз Улановдун жана Бишкек шаарынын вице-мэри Асель Куламбаеванын катышуусу менен Автобазага баруу уюштурулган.

Жерине баруунун жүрүшүндө бул мекемеде түзүлгөн кырдаал менен таанышып, Бишкек шаардык кеңештин депутаттары тарабынан акыркы              2 жылда Автобазанын ишинде, түзүмдү оптимизациялоо жаатында  кемчиликтер белгиленди жана  бул уюмдун кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыздоо боюнча одоно бузуу фактылары табылды. Тактап айтканда тийиштүү ченемдик укуктук актылар тиешелүү деңгээлде иштелип чыккан эмес.

Бардык жогоруда көрсөтүлгөн кемчиликтер Автобазанын жамаатынын ичинде бүгүнкү түзүлүп калган кырдаалдын негизги себептеринин бири болуп калды.