Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн Эмил Сыдыковдун төралыгынын астында Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын отуруму өттү.

“Газпром-балдарга” ДДЧК” муниципалдык ишканасынын башчысы Нурдин Кутманалиев аткарылган иштер боюнча маалымат берди. (Бишкек шаардык кеңештин 2017-жылдын 16-мартындагы №7 токтомунун аткарылышы жөнүндө)

Талкуулоодо 2017-жылдын июль айынан тартып Бишкек шаарынын мэриясынын ДТжСБ алдындагы “Газпром - балдарга” ДТССКсы чарба жүргүзүү укугунун негизинде толук канду муниципалдык ишкана катары өз ишин расмий түрдө баштаган жана жергиликтүү бюджеттен каржыланбайт.

Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын көзөмөлүндөгү Олимпиадалык резервдик Адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде билим алуучу балдар жана өспүрүмдөр үчүн түзүлгөн дене тарбия-саламаттык сактоо комплекси негизделгенден тартып бүгүнкү күнгө чейин анын базасында эртең мененки 08-30дан кечки 17-00гө чейин 500дөн ашуун окуучу футбол, баскетбол, волейбол, бокс, эркин күрөш жана самбо сыяктуу окуу-машыктыруучу процесстерди акысыз негизде өткөрүшөт.

Ал эми 17-00дөн кийин комплекстеги бардык секциялар төлөмдүк негизде иш алып барат. Төлөмдүк негизде түшкөн финансы каражаттар комплексттин кызмат кылуусуна жумшалат, анын негизги бөлүгү электр энергиясынын төлөмдөрүнө сарпталат.

Азыркы учурда, муниципалдык ишкана  электр энергиясына коммерциялык ишкана катары 2,4 сом төлөп жаткандыгына байланыштуу, Нурдин Кутманалиев БШКнын депутаттарына болгон тарифти төмөндөтүүгө көмөк көрсөтүү боюнча кайрылды.

Ошондой эле, муниципалдык ишкана тарабынан чатыр менен жабдылган жайкы футбол талаасын куруу пландаштырылууда. Анын курулушуна 3,5 млн.сомдон ашык финансы каражаты талап кылынат.

Бүгүнкү күндө каражат булактарын табуу маселеси каралып жатат.