Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаарынын Октябрь районун тургундары № 180 жаңы бала-бакчанын ачылышын тездетүү өтүнүчү менен Бишкек шаардык кеңешке кайрылышкан.

БШКнын төрагасы Жаныбек Абиров жерине чыгып, №180 бала-бакчанын ачылышынын мөөнөтү 2018-жылдын ноябрь айынан бери токтотулуп калышынын себептерин изилдеди.

Бүгүнкү күндө жылуулук түтүктөрүнүн, элеваторунун оңдоп-түзөө жана бала-бакчанын аймагын көрктөндүрүү жумуштары жасалып бүтө электиги аныкталды. Бишкек шаарынын вице-мэри Асель Куламбаеванын айтымында мурда бөлүнүп берилген финансы каражаттары бала-бакчаны толук камдуу калыбына келтирүүгө жетишсиз болуп калган.

Имараттын ички жасалгалары боюнча бардык жумуштар аткарылып бүткөн: дубалдары акталган жана сырдалган, группалардын бөлмөлөрү тийиштүү жабдыктар жана техника менен жабдылган.

Тамак-аш бөлүктө балдарды ысык тамак-аш менен камсыздоодо керектүү жабдуулар орнотулган.

Эскерте кетсек, №180 бала-бакчанын имаратында мурда «Светлый путь» аттуу калыбына келтирүү боюнча жеке менчик борбору жайгашкан. 2018-жылы Бишкек шаардык депутаттардын демилгеси менен бала-бакчанын имараты Бишкек шаардык мэриянын муниципалдык менчигине кайтарылып берилген.

№ 180 бала-бакчанын долбоорлук кубаттуулугу 6 группа, тактап айтсак 140 орунду түзөт. Электрондук кезек менен 150 бала кабыл алынган, учурда 95 бала кезекте турат.

2018-жылы жергиликтүү бюджеттен (Бишкек шаарынын ККБ аркылуу) бала-бакчанын имаратын кайра калыбына келтирүү жумуштарына 11,0 млн. сом бөлүнгөн. Кошумча дагы бюджетте 3,2 млн.сом каралып жатат.

Азыркы маалда оңдоп-түзөө жумуштарын алып барган подрядчы уюму айтылган иштери 2019-жылдын март айына чейин бүтүрөөрүнө убада беришти.