Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Апсатар уулу Айжигит билим берүүнүн сапатын жогорулатуусуна жана билим берүү тармактын өнүгүүшүнө салым кошуу максатында Октябрь районунда жайгашкан № 64 жана № 73 орто билим берүү мектептерин 5 даана компьютердик жабдуулары менен камсыз кылууда көмөк көрсөттү.

Бишкек шаардык кеңештин депутаттары тарабынан мындай түрдөгү колдоо жумуштары жыл сайын шаар боюнча жүргүзүлүп келет.

Эскерте кетсек, БШКнын депутаттары тарабынан шаар тургундарын социалдык жактан камсыздоо маселелерин чечүү боюнча жумуштары активдүү түрдө жасалып келет. Мурда берилип кеткен бала-бакчалардын имараттарын Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кайтарып берүү боюнча иш-аркеттер азыркы күндө дагы аткарылып келет.