Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

18-январда, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров жана Бишкек шаардык кеңештин депутаты Сиябек Абдурахманов Бишкек шаарындагы «Көк-Жар» жаңы конушунун тургундары менен жолугушушту. Бул жолугушууга себеп Көк-Жайык конушунун тургундарынын кайрылуусу болду.

Жолугушуу Бишкек шаарынын вице мэри Рыспек Сарпашевдин, Октябрь районунун башчысы Ренат Айтымбетовдун, шаардык кызматтардын жетекчилери, маала башчылары жана конуштун тургундарынын катышуусу менен өттү.

Төрагага болгон кайрылуудагы эң негизги маселе Көк-Жайык көчөсүнө асфальт төшөө маселеси болду.

Талкуулоодо Бишкек шаарынын вице мэри Рыспек Сарпашев Көк-Жайык көчөсүнө асфальт төшөө иштери Бишкек шаарынын капиталдык куруу башкармалыгынын 2019-жылга түзүлгөн титулдук тизмеге киргендигин айтты.

Ɵз учурунда, Жаныбек Абиров Бишкек шаарынын мэриясына айтылган көчөгө асфальт төшөө маселесин комплекстүү түрдө карап, аны ишке ашырууда тротуарларды жана шам чырактарын орнотуу маселесин дагы толук камтып кетүүсүн сунуштады. Ошондой эле, төрага “Бишкек шаардын депутаттары алдыда турган маселелерди ирети менен ишке ашырышат. Шаарда чечиле элек көйгөйлөр көп, бирок жергиликтүү бюджет тартыш болгондуктан, бардык маселени бир ыкчам менен чечүүгө мүмкүнчүлүк жок”, деп белгиледи.

Сиябек Абдурахманов айтылган Көк-Жайык көчөсүнө асфальт төшөө иштеринин жүрүшүн өз көзөмөлгө аларын тургундарга айтып кетти.

Учурдан пайдаланып, конуштун активдүү тургундары конуштун көрктөндүрүшү жана социалдык маанилүү тармакка (мектеп, бала бакча, ФАП) берилген жер участкалары боюнча орчундуу маселелерди БШКнын төрагасына угузушту жана көзөмөлгө алууну суранышты.

«Бишкекасфальтсервис» МИнин башчысы Мирлан Казылаев «Көк-Жар» конушунун Көк-Жайык көчөсүнө асфальт төшөө иштерин 2019-жылдын июнь айына чейин бүтүрөөрүнө сөз берди.