Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин «Бишкек шаарынын аймагында акы төлөнүүчү токтотмолорду жана унаа туруктарды уюштуруу тартиби жана шарттары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу».

Бул долбоор менен төмөнкүлөргө багытталган «Бишкек шаарынын аймагында акы төлөнүүчү токтотмолорду жана унаа туруктарды уюштуруу тартиби жана шарттары жөнүндө» жобону бекитүү сунушталат:

— жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында жалпы шаардык саясатты жүзөгө ашыруу;

— Бишкек шаарынын муниципалдык аймактарында жайгашкан акы төлөнүүчү токтотмолорду, унаа туруктарды түзүү жана алардын иштешин камсыз кылуу.

Долбоор менен акы төлөнүүчү токтотмолорду жана унаа туруктарды уюштурууга укуктарды берүү сунушталууда.

Мындан тышкары, жобонун долбоору менен Бишкек шаарынын аймагын төмөнкү 4 зонага бөлүү менен транспорттук каражаттарды токтотмого жана унаа турукка койгондугу үчүн жыйымдын тартибин жана шарттарын бекитүү сунушталат.

Ушул Долбоорго ылайык Бишкек шаарынын аймагында транспорттук каражаттарды акы төлөнүүчү унаа турукта сактоонун наркы зонасына карабастан суткасына 50 сом өлчөмүндө белгиленет.

Бул токтом кабыл алынган учурда төмөнкүдөй оң жыйынтыктарды күтүү мүмкүн:

— токтотмо мейкиндиктеринин тартипке келиши;

— шаардык бюджеттин толукталышы;

— жол кыймылынын коопсуздугунун камсыздалынышы;

— жолдордо бөгөттөрдүн жана тыгындардын азайышы;

— транспорттук каражаттарды коопсуз сактоо жана токтотуу үчүн шарттардын түзүлүшү.

 

Андан тышкары, Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу жобо каралды.

Ушул Жобо бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларды түзүү тартибин жана иш-аракеттерин, анын ичинде бузуулар жана бузуучуларды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө иштердин алар тарабынан кароо жана түзүү тартибин жөнгө салат.

Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде каралган бузуулар тууралуу иштерди кароо үчүн туруктуу иштеген коллегиялык орган болуп саналат.

Бишкек шаарынын мэриясынын ККБсынын 2018-жылдын 9 айынын ичиндеги иштери жөнүндө отчету каралды.

Башкармалык боюнча 2018-жылга бекитилген курулуштардын титулдук тизмесинде жалпы 531,87 млн. сом суммадагы жумуштардын көлөмү каралган, анын ичинде: 

— “Капиталдык салымга” 241,12 млн. сом,  анын ичинде: статья боюнча шаар жолдорун курууга жана реконструкциялоого 100,0 млн. сом жана статья боюнча башка турак имараттарды жана жайларды сатып алуу жана курууга 141,12 млн. сом бөлүнгөн;

— “Башка имараттарды капиталдык оңдоо” статьясы боюнча 192,59 млн. сом;

— “Башка курулмаларды капиталдык оңдоо” статьясы боюнча 98,16 млн. сом.

 

“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы тарабынан 2017-жылы көрктөндүрүү боюнча аткарылган жумуштар да каралып төмөнкүлөр баяндалды.

2017-жылга план чыгашалар сметасы боюнча 976 709,2 сомду түздү

миң сом

 

Аталыштары

Ченем бирдиги

Аткаруу фактысы

 

Саны

Суммасы

Тротуарларды жана автотоктотмолорду орнотуу

км

45,45

52235,15

Асфальтбетон кыртышындагы жол чуңкурларын оңдоо

м2

67883,5

53883,93

Тирөөчү менен жана тирөөчсүз жол белгилерин орнотуу

даана

3940,96

10573,6

Тосмолорду орнотуу (9,62*1,2)м(3,1*0,8)

п/м

2858,6

6306,1

Асфальтбетон кыртыштарындагы жол жаракаларын бүтөө

п/м

116865,98

15713,8

Муздак пластик менен жол белгилерин түшүрүү

м2

14789,32

20327,48

Ысык термопластик менен жол белгилерин түшүрүү

п/м

10641,0

5767,0

Жол белгилерин боек менен түшүрүү

м2

80321,73

10385,6

Аялдама комплекстерин орнотуу

даана

75

5744,5

Башка көрктөндүрүү элементтери

м2

Факт боюнча

37672,1

Көрктөндүрүү боюнча бардыгы

 

 

218609,26

 

Бишкек шаарынын мэриясынын Саламаттык сактоо тутумун камсыздоо башкармалыгынын 2017-жылдын июнунан тартып 2018-жылдын октябрына чейинки мезгили үчүн иш-аракеттеринин отчёту дагы каралды.

Бишкек шаарынын саламаттык сактоо тутумунун түзүмүндө 45 уюм: 19 Үй-бүлөлүк медициналык борбор, Студенттик бейтапкана, 5 стоматологиялык бейтапкана, 10 оорукана жана 10 адистештирилген уюм бар.

Шаардык жана республикалык маанидеги  (2017-ж.- 39)  43 спорттук-массалык иш-чараларга Бишкек шаардык кеңеш берме жана спорттук медицина борбору (БШКБжСМБ), Үй-бүлөлүк медициналык борбору (ҮМБ) жана Тез жардам медициналык борборунун бригадалары аркылуу медициналык камсыздоо уюштурулган.

Дагы көптөгөн иш чаралар аткарылууда.