Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

25-декабрда, Бишкек шаардык кеңештин «Ɵнүгүү-Прогресс» фракциясынын отуруму болуп өттү.

25-декабрда, Бишкек шаардык кеңештин «Ɵнүгүү-Прогресс» фракциясынын отуруму өттү. Отурумга Бишкек шаарынын Ленин, Свердлов, Октябрь жана Биринчи май райондорунун социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын жетекчилери чакырылган. Күн тартибиндеги негизги маселелеринин бири жаңы жылдык белектер жана алардын даярдоодогу сапаты болду. БШКнын депутаттары жаңы жылдык белектердин сапатына шек келтирип, алардын сапатына доо тартышты. Социалдык өнүктүрүү башкармалыктардын жетекчилерине тизменин (ведомость) ведомстолор аралык бир типтүү формасын иштеп чыгуу жана келечекте белектердин сапатын жогорулатуу боюнча чараларды көрүү тапшырмасы ьерилди.

Экинчи маселе боюнча, Бишкек шаарындагы мыйзамсыз түрдө куруулар каралды. Бул маселе боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жетекчисинин маалыматы угулду. Жыйынтыгында БШКнын депутаттары КР Ɵкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен бирдикте мыйзамсыз салынган курулуштар боюнча иш чараларды жүргүзүү тапшырылды. Були иш чаралардын аткарылышын контролго алуу Бишкек шаардык мэриясынын аппарат жетекчисине жүктөлдү.