Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

11-январда, Биринчи май муниципалдык администрациясынын жыйындар залында төмөнкү маселелерди көтөргөн жана талкуулаган Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын отуруму болду.

Комиссия Бишкек шаарынын резервдик фонду жөнүндө Бишкек шаардык кеңештин кээ бир чечимдеринин күчүн жоготту деп табуу зарылчылыгы жөнүндө маселени биринчи маселе  кылып карады. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө”  мыйзамы күчүн жоготкондукка жана жаңы Бюджеттик кодекс ишке киргизилгендикке байланыштуу, Бишкек шаарынын мэриясы  бул жобону киргизди. 

“2017-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө Бишкек шаарынын мэриясынын отчетун” экинчи маселе кылып карады. Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан берилген маалыматтарга ылайык, 2017-жылында Бишкек шаары боюнча  республикалык бюджеттен алынган расмий трансферттерди, атайын каражаттарды эске алуу менен кирешелердин накта түшүүсү, 9 045,1 млн. сом план болгондо,  жалпысынан 8 667 млн. сомду түздү,  план 95,8% га аткарылды, аткарылбоо -377,3 млн.сомду түздү.

Салыктык киреше боюнча аткаруу -94,3%ды түздү (план-6 072,8 млн. сом; факт -5, 727,0 млн. сом), түшпөй калуу – 345,8 млн. сомду түздү.

2017-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин чыгаша бөлүгү 8485,7 млн. сомду же такталган планга карата 92,6%ды түздү. Отчеттук мезгил ичинде республикалык бюджеттен 2 126,9 млн. сом түштү, андан:

  • Түшүп калуучу кирешелерди компенсациялоого  2 068,2 млн. сом суммада;
  • Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринин имараттарынын утурумдук ремонтуна 11,9 млн. сом суммада;
  • Бишкек шаарынын өнүгүү агенттиги аркылуу тийиштүү кызматтарды сатып алуу үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун даярдоого 27,9 млн. сом суммада;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы №466 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтомуна ылайык  айлык акыны жогорулатууга 18,9 млн. сом суммада.

Ошондой эле, “Ак Тилек” жана “Энесай” конуштарындагы Элебесов көчөсүндө канализациянын курулушу маселеси боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматы угулду. Канализациянын долбоорун иштеп чыгуу жана  конушта КНТны орнотуу боюнча орун аныктоо боюнча Бишкек шаарынын ККБсы иш жүргүзүп жатат. Долбоор толук көлөмдө аткарылды, белгиленген тартипте макулдашылды жана экспертиза жүргүзүлдү. Иштин маалыматтары 2019-жылдын иш планына киргизилип жатат.

Башка маселелер менен катар 2017-2018-жылдарда ММБсынын жана ЖРБсынын бюджеттин пландуу көрсөткүчтөрүн аткаруусу жөнүндө отчет каралды. 2019-жылга ММБсынын жана ЖРБсынын бюджеттин пландуу көрсөткүчтөрүнүн  божомолу берилген материалдарга ылайык, 2017-жылда  жерди жана жеңилдетилген типтеги объектерди ижаралоодон 471,8 млн. сом  суммада каражат түштү же пландан 87%.

2018-жылы  жерди жана жеңилдетилген типтеги объекттерди ижаралоодон түшүүлөр  515, 2 млн. сомду түздү же план 48%га аткарылды. 2017-жылга карта 43,4 млн. сомго өстү. 2019-жылга ЖР башкармалыгы  532,1 млн.сом чогултууну пландап жатат.

2017-жылда мүлктү ижаралоо боюнча түшүүлөр 50,5 млн. сомду, 2018-жылы 84,3 млн. сомду түздү, план 2019-жылга 75,4 млн. сом.