Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

2018-жылдын 26-декабрында, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук Филармониясында, Бишкек шаардык кеӊештин атынан Жаӊы жылдык балаты өттү.

Концерттештирилген жомок көрсөтүүсү ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга уюштурулган.

Кичинекей бөбөктөрдү БШКнын төрагасы Жаныбек Абиров куттуктап, аларга сабакты жакшы окуп, ата-энени угуп, урматтап жүрүү жөнүндө насааттарын айтып кетти.

Жаңы жылдын алкагында, «Оберег» жана «Yмүт шамы» реабилитациялык борборлордун, майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясынын, «Рука в руке», «Друзья Кыргызстана» коомдук фонддордун жана атайыштырылган бала бакчалардан келген 1000ге чукул балдары таттуу белектерди алышты.