Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

2018-жылдын 24 декабрында, Бишкек шаардык кеӊештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиянын отуруму өттү.

Отурумда Биринчи май, Ленин, Свердлов райондук администрациялардын башчылары «Каражыгач токой багы», «Ю. Фучик», «Жаштар» сейил бактары тууралуу маалымат угулду.

Свердлов районунун башчысы Самарбек Болотбеков, Ленин районунун башчысы Нурдин Тынаев, Биринчи май районунун башчысы Токтосун Султановдун маалыматы боюнча, аталган үч сейил бактарда көрктөндүрүү жумуштары жасалып бүткөн, андан тышкары канализация түтүктөрү, видео байкоо орнотулду. Ошондой эле шаардыктар жана коноктор үчүн Wi-Fi уюлдары орнотулуп, таштанды челек жана отургучтар алмаштырылды.

«Жаштар» сейил багында көрктөндүрүү иштеринен сырткары скалодром, футбол талаасы курулуп, фонтан орнотулду.

Отурумда “Каражыгач токой багынын” калган бөлүгүн АУЦАга ижарага берүү боюнча бүгүнкү күндө каралып жатканы айтылды.