Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бул суроо боюнча Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Артур Буюкляновдун маалыматы угулду.

Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын отурумунда, Бишкек шаары боюнча 2018-жылдын 11 айында курч кармаган респиратордук вирустук жугуштуу ооруу 6,3%га өстү деп маалымдалды. Сасык тумоо ооруусунун көрсөткүчтөрү 2017-жылга салыштырмалуу 2,7 эсеге көтөрүлгөн.

Сасык тумоо жана КРВЖО оорууларына каршы алдын алуу максатында санитардык көргөзмөлөр, баардык УМБнин жетекчилерине, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгына, троллейбус башкармалыгына, Бишкек шаардык транспорт башкармалыгына жана жогорку окуу жайлардын жетекчилерине берилген.

Экинчи маселеде, Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 19-ноябрындагы «Билим берүү жана саламаттык сактоо муниципалдык мекемелеринин жер участокторуна укук белгилөөчү документтерди берүү» боюнча маалымат угулду.

Бишкек шаардык тийешелүү кызматтардын маалыматы боюнча бүгүнкү күндө укук белгилөөчү документтерди жасалгалоодо №31, №87, №93 жалпы билим берүү уюмдары калды. Калган билим берүү жана саламаттык сактоо муниципалдык мекемелеринин документтерин ырастоо, тйиштүү тартипте аткарылды.