Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Салтанаттуу маараке 2018-жылдын 15-декабрында Т. Сатылганов атындагы филармонияда өттү.

30 жылдык юбилей менен «Камбаркан» ансамблин Бишкек шаардык кеңештин атынан депутат Адиса Имангазиева куттуктады. Ал жалпы жамаатты юбилейлик датасы менен куттуктап, айрым артистер менен солистерге БШКнын Ардак грамоталарын жана Ыраазычылык каттарын тапшырды.

Кеченин конокторуна «Камбаркандын кайрыктары» аттуу концерттик программа тартууланды. Анда, кыргыз элинин белгилүү ырлары жана обондору угулуп, «Камбаркан» ансамблинин чыгармачылык жолун камтыган документалдык тасма көргөзүлдү.