Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Асель Пирматованын демилгеси менен, № 20 МАБда көчмө жыйын өткөрүлдү. Бул жыйынга Бишкек шаарынын биринчи вице мэри Алмаз Бакетаев, Свердлов районунун башчысы Самарбек Болотбеков, №20 МАБ башчысы Нурбек Сагынбек уулу, шаардык кызматтардын башчылары жана шаар тургундары катышты.

Күн тартибинде «Ак-Тилек», «Энесай» конуштарында жана Элебесов көчөсүндө канализация түтүктөрүн орнотуу маселеси каралды. Талкуулоодо канализация түтүкчөлөрүнүн жоктугу, суу алдындагы суулардын деӊгээлинин жогору болушу, суу сордурган насостордун кубаттуулугунун төмөндүгүнүн көйгөйү каралды.

Эстете кетсек, бул маселе Асель Пирматова тарабынан экинчи ирет көтөрүлүп жатат. Бүгүнкү күндө, долбоор жана эсеп-кысап иш кагаздары даяр болду.

Канализация түтүктөрүн орнотуу иштерин 2019-жылы кытайлык гранттын алкагында шаардык жолдорду салуу иштери башталганга чейин чечиш керек, — деп белгиледи БШКнын депутаты. Бишкек шаарынын мэриясына бул маселени Өнүгүү долбоорунда өзгөчө маани бөлүп, Титулдук тизмеге киргизип, 2019-жылдын шаардык бюджет долбооруна киргизилсин деп, протоколдук тапшырма берилди.

Бул маселе Бишкек шаардык кеӊештин сессиясында каралат.