Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Мектепке чейинки окуу жайларынын электрондук кезек жана мектептерге окуучуларды ашыкча кабыл алынуусу жана маселени чечүү жолдору.

Бул отурумга Бишкек шаарынын вице мэри Асель Куламбаева, Бишкек шаарынын билим берүү Башкармалыгынын жана райондук билим берүү борборлордун мүдүрлөрү чакырылган. Бишкек шаардын мектептерине бирдиктүү электрондук кезекти ишке киргизүү жөнүндө маалымат угулду.

Кароосунун жыйынтыгында, «Мектепке чейинки окуу жайларга бирдиктүү электрондук түзүмдү ишке ашыруу» долбоору боюнча, долбоордун иштетүүчүсү — Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим Министрлигине, депуттардын сунуштарын жана ой-пикирлерин эске алып, кат жөнөтүүнү сунуштоону Комиссия чечим чыгарды.

Экинчи маселе боюнча, депутаттар жалпы билим берүү мекемелерге окуучуларды ашыкча кабыл алуусу борборубузда орчундуу турарын айтышты. Бул маселени максаттуу эмес колдонууга берилген имараттарды кайра кайтарып берүү менен чечилет. Ал эми шаардын борборунда жайгашкан мектептердин долбоор кубаттуулугун кеңейтүүнү, мектептердин турган имараттарына кошумча имараттарды улай салуу керек.