Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаарында декабрь айынын келиши менен, Жаңы 2019-жылга даярдык кызуу башталды.

Бүгүн, борборубуздун башкы аянтында өлкөбүздүн жаңы жылдык балатысын жандыруу аземи өттү. Салт боюнча, балатыны Бишкек шаардык кеӊештин төрагасы Жаныбек Абиров жана Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жандырышты.

Жаныбек Абиров, өзүнүн сөзүндө, «Бүгүн — майрам! Бардыгыбыз күткөн Жаңы жылдын алдында, борбордук балатыны жандыруу — ар бирибизге майрамдык маанай тартуулайт.

Бүгүнтөн баштап, шаарыбызда сырдуулук жана кереметтүүлүк байкалып, ар бирибиз кубанычка бөлөнөбүз!

Бул балаты шаарыбыздын кичинекей тургундарынан баштап, апаларыбыз, аталарыбызга да эң жылуу сезимдерди тартуулайт!

Келе жаткан 2019-жыл токчулуктун, молчулуктун жылы болсун!

Ар бириңиздерге бекем ден-соолук, узун өмүр, бакыт-таалай, ишиңерге ийгилик жана бакубат жашоо каалайм!» деп шаардын тургундарын жана конокторун куттуктап кетти.